Бишкекте өлкөдөгү эң бийик 40 кабаттуу ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды
24 ноябрь

Бишкекте өлкөдөгү эң бийик 40 кабаттуу ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды

Бишкек шаарында жаңы муундагы ири көп функционалдуу турак жай комплексинин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан кабарлашты.

Курулуш министри Нурдан Орунтаев белгилегендей, комплекс толугу менен сейсмикалык туруктуулук талаптарына жооп берет. Бардык эсептөөлөр, конструкциялар, коопсуздук нормалары – бирдиктүү стандарттарга ылайык.

Комплекстин негизги параметрлери

  • 14 блоктон турат
  • 10 үй – 35 кабат
  • 4 үй – 40 кабат
  • Жалпы батирлер – 4 160
  • Паркинг: 4 200 унаага ылайык, 3 деңгээлдүү жер алдындагы паркинг
  • Спорт жана эс алуу зоналары: бассейн, спорт борбору, балдар аянтчалары, теннис, баскетбол, дене тарбия аянтчалары, мини-футбол талаасы
  • Билим берүү объектиси: 750 орундуу мектеп, 280 балага ылайык бала бакча
  • Коопсуздук чаралары: өрт коопсуздугу үчүн атайын жолдор жана кошумча унаа токтотуучу зоналар
  • Бул көп функциялуу комплекс – шаардык жашоонун жаңы стандарты.