Саламаттык сактоо министрлиги жана ЮНИСЕФ иммунизация жана санариптештирүү багытындагы кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулашты
Бүгүн, 2026-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министрдин санариптик өнүгүү боюнча орун басары Темирбек Эркинов ЮНИСЕФ уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Самман Джунг Тапа менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Атап айтканда, вакциналарды туруктуу жеткирүү, аларды сатып алуу жана бөлүштүрүү механизмдерин өркүндөтүү, ошондой эле иммунизация программасынын натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерине көңүл бурулду.
ЮНИСЕФ тарабынан муздак чынжыр системасын чыңдоого көрсөтүлгөн олуттуу колдоо тууралуу маалымат берилди. Анын алкагында адистештирилген муздаткыч жабдуулар менен камсыздоо деңгээли 80%га жеткирилген. Ошондой эле вакциналарды өлкөнүн медициналык уюмдарына коопсуз жеткирүү үчүн рефрижератор-автоунаалар жана автопикаптар жеткирилгени белгиленди.
Вакциналардын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп, ЮНИСЕФ аркылуу жеткирилген вакциналардын эл аралык стандарттарга шайкештиги баса белгиленди. Ошондой эле вакциналарды сатып алуу жана логистика процесстерин башкарууну санариптештирүү, заманбап маалыматтык чечимдерди киргизүү, жол-жоболордун ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана жеткирүүлөрдү мониторингдөө системасын бекемдөө маселелери каралды. Медициналык ресурстарды өз убагында пландоо, эсепке алуу жана көзөмөлдөө үчүн санариптик инструменттерди колдонуунун маанилүүлүгү белгиленди.
ЮНИСЕФ улуттук вакциналык кампаны куруу боюнча пландалып жаткан колдоо тууралуу маалымат берди. Долбоордун жалпы бюджети 1 267 000 АКШ долларын түзөт.
Тараптар ошондой эле улуттук иммунизация системасын чыңдоого, саламаттык сактоо тутумунун туруктуулугун жогорулатууга жана калктын профилактикалык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган программалар жана долбоорлор алкагындагы аракеттерди координациялоо маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө 2026–2027-жылдарга карата Биргелешкен иш-чаралар планын даярдоонун алкагында өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө, техникалык жана эксперттик колдоону кеңейтүүгө, ошондой эле вакциналарды сатып алууну башкаруу тармагында тажрыйба алмашууга өз ара кызыкдарлык тастыкталды.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар конструктивдүү диалогду улантууга, өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө жана Кыргыз Республикасында иммунизация программасынын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылууга жана саламаттык сактоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган демилгелерди биргелешип ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.
