Беларус-орус чек арасынан өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын эсине
Министрлик Кыргызстандын жарандарына Беларусь Республикасынын жана Россия Федерациясынын өкмөттөрүнүн ортосундагы үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары менен жарандыгы жок адамдар үчүн мурда Беларустун жана Россиянын жарандары гана кесип өтө алган беларус-орус чек арасын, анын ичинде кургактык аркылуу өтүү тартибин жөнгө салуучу тиешелүү Макулдашуунун күчүнө киргендигин маалымдайт.
Башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын жарандары Беларустун же Россиянын аймагына кургактык аркылуу – эл аралык өткөрүү пункттары, темир жол аркылуу, ошондой эле Макулдашууда көрсөтүлгөн автомобиль жолдору менен кире алышат.
Учурда Макулдашуунун алкагында мындай алты багыт каралган:
- Юховичи – Долосцы (Опочка – Новополоцк),
- Езерище – Невель (Киев – Санкт-Петербург),
- Лиозно – Кругловка (Витебск – Смоленск),
- Редьки – Красная Горка (Минск – Москва),
- Звенчатка – Дубовичка (Бобруйск – Москва),
- Селище – Новозыбков (Гомель – Брянск).
Беларус-орус чек арасынын кургактык бөлүгүнө башка жолдор менен өтүүгө жол берилбейт жана андай учурлар мамлекеттик чек араны бузуу катары каралат.
Мындан сырткары, кошумчалай кетсек, Беларусь Республикасы өздүгүн тастыктоочу документ катары Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортторун гана тааный турганын эсиңиздерге салабыз.
