Кыргызстанда бир катар мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жеке компаниялардын башкаруусуна берилиши мүмкүн
Сүрөт: Акчабар
9 июнь

Кыргызстанда бир катар мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жеке компаниялардын башкаруусуна берилиши мүмкүн

Кыргызстанда бир катар мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жеке компаниялардын башкаруусуна берилиши мүмкүн. Бул боюнча ЖК конституциялык мыйзамдар боюнча комитеттин жыйынында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга багытталган мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда белгилүү болду. 

Депутат Гүлшаркан Култаева мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды аутсорсингге берүү кызмат көрсөтүүлөрдүн баасына таасирин тийгизеринен кооптонду.

Айтымында, бул элге оорчулук жаратат. 

Юстиция министринин орун басары Айбек Айдаров баалар кымбаттабай турганын ишенимдүү белгиледи. 

“Биз аутсорсингди жарандарга ыңгайлуулук жаралсын деп эле киргизип жатабыз. Бардык кызмат көрсөтүүлөр берилбейт. Экинчиден, администрация мамлекеттик орган бойдон калат жана ал кызмат көрсөтүүлөр үчүн жооп берет”, - деди ал. 

Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов аутсорсингдин баасы мамлекет тарабынан бекитилерин, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан көзөмөлдөнөрүн кошумчалады. Айтымында, мамлекеттик органдардын кызмат көрсөтүүлөрү менен жеке компаниялардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасы окшош болот. 

Ошондой эле эгерде жеке компаниялар кызмат көрсөтүүдө катачылыкка же сапатсыздыкка жол берсе, баалоо системасы: мамлекеттик орган, коомдук орган же атайын эксперттер тарабынан бааланып, тиешелүү чара көрүлөрү айтылды.