Жээнбек Кулубаев Сан-Маринонун тышкы иштер министри менен жолугушту
Кыргызстан менен Сан-Марино Республикасынын тышкы иштер министрлер Жээнбек Кулубаев жана Лука Беккари жолукту. Бул тууралуу КР ТИМ кабарлайт.
Тараптардын жолугушуусу 2026-жылдын 24-февралында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 61-сессиясынын алкагында Женева шаарында өткөн.
Анын жүрүшүндө Кыргызстандын эки тараптуу диалогду активдештирүүгө кызыкдар экени белгиленип, өз ара пайдалуу кызматташуунун мүмкүн болгон багыттары талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында Министрлер эки тараптуу байланыштарды мындан ары да чыңдоого даяр экендиктерин тастыкташты.
