Бишкек: Курулуш иштерин мыйзамсыз жүргүзгөн компанияга айып салынды
9 июнь

Бишкек: Курулуш иштерин мыйзамсыз жүргүзгөн компанияга айып салынды

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Көзөмөлдөө иштеринин алкагында Бишкек шаарынын Карасаев көчөсү 74 дарегинде жайгашкан 9 кабаттуу конок үйдүн курулушунда мыйзам бузуу фактылары катталды.

Тактап айтканда, аталган обьект мамлекеттик бирдиктүү объектилердин курулуш реестрине катталбастан жер казуу иштери аткарылган.

Аталган мыйзам бузуулар боюнча курулуш иштерин жүргүзгөн тарап М. М. А. карата акт түзүлүп, мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмө берилди. Ошондой эле прокол түзулуп, 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш иштерин жүргүзгөн бардык субъекттерди белгиленген талаптарды так сактоого чакырат жана курулуш ченемдери сакталбаган учурда мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын эскертет.