"75чилердин каты". Сот өкүм чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө кетти
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2-июлда "75чилердин каты" деп аталган кылмыш ишин кароо жыйынтыкталууда. Бул иш боюнча айыпталуучулардын арасында УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев да бар.
Тараптардын соттук жарыш сөздөрү жана айыпталуучулардын акыркы сөздөрү аяктагандан кийин судья Азирет Медеров өкүм чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кирди. Соттун чечими кийинчерээк жарыяланары күтүлүүдө.
ЖМКлардын маалыматына ылайык, саат 16:30га карата тараптардын жарыш сөздөрү аяктады. Сегиз айыпталуучу акыркы сөзүн сүйлөп, күнөөсүн моюнуна алган жок.
Буга чейин мамлекеттик айыптоо тарап иштин бардык фигуранттарын 9 жылдан эркинен ажыратууну сураган.
Соттук отурум жабык эшик артында өтүүдө.
Бул иш боюнча айыпталуучулар: УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, ошондой эле Бекболот Талгарбеков, Эмильбек Узакбаев, Аалы Карашев, Курманбек Дыйканбаев жана Курсан Асанов.
Иш саясатчылар менен коомдук ишмерлердин бир тобу тарабынан мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырык жасалган кайрылууга байланыштуу козголгон.
Айыпталуучуларга бийликти күч менен басып алууга даярданган деген айып тагылууда. Ал эми Камчыбек Ташиевге кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген дагы айып коюлган.
