Депутат Кыдыралиевди №23 округдан чыккан атаандаштары кызыктырууда: аларды “изилдөөгө” БШКга тапшырма берди
Депутат Умбеталы Кыдыралиев 2025-жылдагы парламенттик шайлоого катышып жаткан маалында чоң чыгымга учураганын билдирди.
Ал конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин жыйынында, БШКнын округдук шайлоо комиссиясын түзүү боюнча мыйзам долбоору каралып жаткан маалда, учурдагы жобого токтолду.
“Мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына жогорку билимдүүлөр гана талапкер боло алат. Ошол эле маалда БШКнын жобосунда чет өлкөдөн окуп келгендердин дипломуна апостиль коюлсун деп турат. Мен шайлоого аттанаарда Украинага барып, ал жакта билесиздер аба мейкиндиги жабык, апостиль койдуруп келгениме чоң ресурс кетти”, - деди депутат.
Ошондой эле ал өзү ЖК депутаттыгына шайланган №23 округдан шайлоого катышкан башка талапкерлердин билимине кызыкты.
“Тизмеде 2-, 3-, 4- болуп турган талапкерлер чет өлкөдө окуган болсо апостили бар бекер, кайсы жерде окушуптур, дегеле жогорку билимдүүлөрбү, алар окуп бүттү делген окуу жайлар дүйнөдө чын эле бар бекен же жасалма документ менен талапкер болуп алышканбы – ушуну изилдеп мага кат түзүндө маалымат берип коюңуздар. Мен муну Тынчтык Шайназаровдон да сурагам, бирок 2 жума болду жооп жок”, - деди ал.
Депутат БШК төрагасынын орун басары Руслан Жакышовго кайра-кайра дайындады:
“Жазып алдыңызбы: Биринчи май району, №23 шайлоо округу. Сөзмө сөз жазып алыңыз. Мага 2-, 3-, 4- орундарда турган талапкерлердин справкасы керек. Түшүндүңүзбү эмне жөнүндө сүйлөп жатканымды?”
Жакышов жакшы түшүнгөнүн айтып, депутатка кыска убакытта кат жүзүндө жооп жөнөтүүнү убадалады.
