Төө-Ашууда кайрадан оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди
Бишкек – Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн саат 17:40тан тартып (Сосновка постунан) убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.
Министрликке караштуу Жол тейлөө ишканалары тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында күнү-түнү инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.
