Нарында “Түндүк-2025” мобилизациялык машыгуусу уланууда
12 август

Нарында “Түндүк-2025” мобилизациялык машыгуусу уланууда

Нарын облусунун аймагында “Түндүк-2025” мобилизациялык машыгуусу уланууда. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен кабарлашты. 

Машыгууга Ат-Башы, Ак-Талаа жана Нарын шаардык бириккен аскер комиссариаттарынан чакырылган 100дөн ашык запастагы аскер кызматчылар жана техникалар катышууда.  

Машыгуу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 93546 аскер бөлүгүнүн базасында өтүп, машыгуунуун катышуучуларына тактикалык, инженердик, радиациялык-химиялык-бактериологиялык коргонуу (РХБК), байланыш жана ок атуу даярдыгы боюнча теориялык жана практикалык сабактар өтүүдө.

Белгилей кетсек, “Түндүк-2025” мобилизациялык машыгуусу жыл сайын Куралдуу Күчтөрдү даярдоо планынын негизинде өткөрүлүп келет.

2024-жылы аталган машыгуу Ысык-Көл облусунда өткөрүлгөн.