Сокулук районунда “Уурулук” аталышындагы ыкчам-алдын алуу рейди өткөрүлүдө
2025-жылдын 16-17-декабрь күндөрү Чүй облусунун Сокулук районунун Манас айыл аймагынын аймагында “Уурулук” аталышындагы ыкчам-алдын алуу рейди өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында Сокулук РИИБдин Манас айылдык аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери кылмыштуулуктун алдын алуу максатында дүкөндөрдүн жана автоунаа май куюучу жайлардын (АЗС) ээлерине эскертүүлөрдү таратты. Аларга соода мекемелерине жана АЗСтерге видеобайкоо камераларын орнотуу, ошондой эле өз мүлкүнө этият мамиле кылуу зарылдыгы түшүндүрүлдү.
Мындан тышкары, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында жергиликтүү тургундарга да алдын алуу эскертүүлөрү берилди жана уурулук фактыларынын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты – район боюнча коомдук тартипти камсыздоо, жеке жана коммерциялык мүлктүн коопсуздугун күчөтүү, ошондой эле жарандардын кылмыштуулукка каршы алдын алуу боюнча маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.
