видеодон алынган кадр
26 июль
Эдуард Кубатов Чолпон-Атадагы F1H2O жарышына даярдыкты текшерди
Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көлдө өтө турган ири эл аралык иш-чараларга даярдык көрүү боюнча көчмө жыйын өттү.
Жыйынга Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов, Маданият министрлигинин жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Жолугушууда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, ошондой эле UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын «Кыргыз Республикасынын Гран-приси – Ысык-Көл 2026» этабына даярдык көрүү маселелери талкууланды.
Жыйындан кийин мамлекеттик органдардын өкүлдөрү иш-чаралар өтө турган жайларды кыдырып, даярдык иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышышты.
