Ош облустар аралык ооруканасына 10 млн сомдук медициналык жабдуу тапшырылды
президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү
2 июль

Ош облустар аралык ооруканасына 10 млн сомдук медициналык жабдуу тапшырылды

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына Япония өкмөтү тарабынан 10 млн сомдук медициналык жабдуулар тапшырылды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Тапшырылган жабдуулардан арасында:

  • Трансуретралдык резекция үчүн эндоскопиялык стойка
  • Проктологиялык ооруларды дарылоо үчүн ультра үндүү диссектор бар.

Маалыматта заманбап аппараттардын жардамы менен бейтаптарга көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапаты бир топ жогорулап, дарылоо мөөнөтү эки эсеге чейин кыскары айтылат.