Саламаттык сактоо министрлигинде Улуттук лабораториялык кызматты түзүү жана медициналык калдыктарды башкаруу тутумун өркүндөтүү боюнча кеңешме өттү
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Улуттук лабораториялык кызматты түзүү жана медициналык калдыктарды башкаруу тутумун өркүндөтүү маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө калкка көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган, лабораториялык диагностиканын бирдиктүү, башкарылуучу жана туруктуу тутумун түзүү боюнча чаралар талкууланды. Жаңы модель мамлекеттик жана жеке секторлордун катышуусунда сапатка, отчеттуулукка жана башкарууга карата бирдиктүү талаптардын негизинде улуттук лабораториялык диагностиканын бирдиктүү контурун калыптандырууну карайт.
Лабораториялык кызматты башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү, сапаттын эл аралык стандарттарын киргизүү, мониторинг жана көзөмөл үчүн заманбап санариптик чечимдерди колдонуу, лабораториялык мүмкүнчүлүктөрдү сарамжалдуу пайдалануу жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйындын алкагында медициналык калдыктарды башкаруу тутумун өркүндөтүү маселелери да каралып, мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү, заманбап зыянсыздандыруу жана утилдештирүү технологияларын киргизүү боюнча сунуштар талкууланды. Чакырылган эксперттер лабораториялардын жана медициналык калдыктарды башкаруу тутумунун түзүмү менен стандартташтырылышы боюнча өз сунуштарын айтышты.
Министр лабораториялык кызматты өнүктүрүү жана медициналык калдыктарды натыйжалуу башкаруу саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири экенин жана алар оорулардын алдын алуу, өз убагында аныктоо жана калктын саламаттыгын коргоо үчүн түздөн-түз таасир этерин белгиледи.
Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө бул багыттарды мындан ары өркүндөтүү жана белгиленген милдеттерди этап-этабы менен ишке ашыруу боюнча тапшырмалар берилди.
