Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын 18 миң тургуну таза суу менен камсыз болду
24 ноябрь

Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын 18 миң тургуну таза суу менен камсыз болду

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында 18 миңге жакын тургун же 4 миңден ашык кожолук таза ичүүчү суу менен камсыз болду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.

Бүгүн, 24-ноябрда, «Кызыл-Суу» аттуу кичи долбоордун ачылыш аземи болуп өттү. Ал «Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу» долбоорунун алкагында ишке ашырылып, заманбап, коопсуз жана санитардык талаптарга жооп берген, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаша алган туруктуу суу менен камсыздоо системасын түзүүгө багытталган.

Аталган кичи долбоор Министрлер Кабинетинин активдүү колдоосу менен ишке ашты. Анткени, өкмөт тарабынан туруктуу суу менен камсыздоого, экологиялык туруктуулукту камсыз кылууга жана элдин жашоо сапатын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурууда.

Ал эми Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти (КРнын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы) долбоорду даярдоодо, координациялоодо жана түздөн-түз ишке ашырууда маанилүү роль ойноду.

Мурдагы суу менен камсыздоо системасы 1950-жылдары курулуп, тоо булактарынан самотек ыкмасы менен иштеген. Сууну дезинфекциялоо кол менен жүргүзүлүп, суу берүү белгилүү график боюнча ишке ашырылчу. Инфраструктуранын эскирүүсү жана көптөгөн авариялык участкалар суунун үзгүлтүксүз берилбешине жана ичүүчү суунун сапатынын начарлашына алып келген.

Реконструкция аяктагандан кийин суу менен камсыздоо системасы бардык тургундарды 24 саат бою таза суу менен камсыздайт. Коомдук саламаттык деңгээли жогорулады, ошондой эле инфраструктуранын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугу артты. Мындан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суу ресурстарын башкаруу жөндөмдүүлүгү чыңдалды.

«Аймактарды таза суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды туура тазалоо – биздин негизги максаттарыбыздын бири. Мындай долбоорлордун ишке ашырылышы жарандардын жашоо шартын жакшыртууга, калктын ден соолугун чыңдоого жана айыл аймактарынын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Бүгүн Кызыл-Суу айылынын тургундары бардык коопсуздук жана сапат талаптарына жооп берген заманбап жана ишенимдүү суу менен камсыздоо системасына ээ болушту. Биз суу чарба инфраструктурасын жаңылоо иштерин улантып, өлкөбүздүн айылдарын таза жана коопсуз ичүүчү суу менен камсыз кылууну улантабыз», – деди министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев.

Ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Хью Ридделл, долбоордун жетекчилиги, облустук жана райондук башкармалыктардын өкүлдөрү, подряддык уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жамааттардын жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү катышты.

Долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Министрлер Кабинети жана Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды агызуу өнүктүрүү департаментинин кызматташтыгы аркылуу ишке ашырылды.