Алдамчылыкка шектелген жаран Бишкек шаарынан кармалды
Баткен шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан 2026-жылдын 1–5-июнь күндөрү жүргүзүлгөн “Переброс” аталышындагы ыкчам-профилактикалык иш-чаранын жүрүшүндө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды.
Баткен шаарынын 46 жаштагы тургуну Ф.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, мурда тааныш болгон Ош облусунун Кара-Суу районунун 24 жаштагы тургуну М.А.Р. аттуу жаран автоунаа сатуу-сатып алуу шылтоосу менен жалпы 1 миллион 225 миң сом карыз болуп, акчасын ушул күнгө чейин бербей жүргөнүн билдирген.
Аталган факты боюнча жана ушуга окшош башка учурлар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иштери козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү М.А.Р. аттуу жаран Бишкек шаарынан аныкталып кармалып, Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.
