Токтогул ГЭСине барчу жолго таш кулап, жол убактылуу жабылды
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын Токтогул ГЭСине барган ички чарбалык жолго болжол менен 105 м3 таш кулады. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Жол убактылуу жабылган, айланма жол бар.
Жабыркагандар жок.
Жеринде Токтогул ГЭСтин 3 оор жүк ташуучу унаа, 1 жүктөгүч тартылып, иш алып барууда.
