Кыргызстанда бир жумада 26 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстанда 17синен 23-ноябрга чейинки аралыкта 26 миң 210 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 2 237;
- Мас абалында унаа башкаруу - 371;
- Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 201;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 1 114;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3 676;
- Автоээнбаштык - 32;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3 991;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 9;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 11 349;
- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 230 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
