Кыргызстандын мыкты агрономдору аныкталды
Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы «Кыргызасылтукумзавод» жана «Кыргызагролизинг» мамлекеттик ишканалары тарабынан уюштурулган «Агрономдордун таймашы» аталышындагы республикалык деңгээлдеги кесиптик чеберчилик конкурсу ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Аталган конкурс Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгеси менен өткөрүлүп, ага республиканын бардык аймактарынан келген тажрыйбалуу агрономдор катышып, өздөрүнүн теориялык билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн сынап көрүштү.
Калыстар тобунун чечимине ылайык:
• I орунду Артыкбай кызы Мадина ээлеп, 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө акчалай сыйлык, Ардак грамота жана сертификат менен сыйланды.
• II орунду KIM, CHUL-YONG алып, 40 000 (кырк миң) сом өлчөмүндө акчалай сыйлыкка ээ болду.
• III орунду Пахонеев Олег Владимирович ээлеп, 30 000 (отуз миң) сом өлчөмүндө акчалай сыйлык менен сыйланды.
