президенттин администрациясы
28 май
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага келди
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, иш сапары менен Казакстан Республикасына келди.
Мамлекет башчысынын учагы Астана шаарынын эл аралык аэропортуна конду.
Президенти Садыр Жапаровду Казакстан Республикасынын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын башчылары жана Армения Республикасынын Вице-премьер-министри менен биргелешип Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына жана V Евразиялык экономикалык форумдун ишине катышат, ошондой эле Alem.ai Эл аралык жасалма интеллект борборундагы өлкөлүк көргөзмөгө барат.
