«Эл-Ди-Эс Черитиз» Ак-Суу реабилитациялык борборун жаңы ортопедиялык керебеттер менен жабдыды
«Эл-Ди-Эс Черитиз» кайрымдуулук фонду Ак-Суудагы Ысык-Көл облустук ооруканасынын реабилитация бөлүмүнө эки кишилик 70 даана ортопедиялык керебет тапшырды. Бул мекеме Кыргызстандын бардык аймактарынан келген, церебралдык шам оорусунан жабыркаган балдарга жардам берүүгө адистешкен.
Жыл сайын бул жайда 3 миңдей бала реабилитациядан өтүшөт. Бөлүм 25 жылдан ашуун убакыттан бери иштейт, комплекстүү дарылайт, анын ичинде жергиликтүү термалдык суу менен процедура жасайт.
Палаталарда бир кишилик керебеттер тургандыктан, тардык узак убакыттан бери башкы көйгөйлөрдүн бирине айланган. Церебралдык шал оорусу бар балдарга күнү-түнү кам көрүү талап кылынат, а ата-энелер алар менен чогуу кууш керебеттерде уктап же башка жолдорду издөөгө аргасыз болушчу. Жаңы керебеттер бул көйгөйдү чечип, бейтаптарды да, коштоп жүргөндөрдү да ыңгайлуулук менен камсыз кылды.
«Керебеттер абдан ыңгайлуу экен. Кызым өз алдынча тура албайт, түн ичинде аны дайыма текшерип турушум керек. Эми чогуу уктап калдык, шарттар абдан жакшырды. Бул жардамыңыздарга абдан ыраазыбыз», — деп бөлүштү кызы менен бирге реабилитациядан өтүп жаткан Айзада Айдакеева.
Борбордо дарылоо, тамак-аш жана бейтаптарды коштоп жүргөндөргө орун акысыз берилет. Бөлүм башчысы Байыш Бейшенбаевдин айтымында, үзгүлтүксүз терапия сезилерлик натыйжаларды берет: балдар өз алдынча отуруп, басып калышат же кошумча шаймандардын жардамына муктаждык жоголот. Бирок дарыгер белгилегендей, мындай бейтаптарга өмүр бою колдоо керек.
«Эл-Ди-Эс Черитиз» фонду Кыргызстанда 2018-жылдан бери иштейт.
Фонддун директору Дмитрий Цай жардам абдан муктаж адамдарга түз жетиши үчүн уюм мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташып жатканын баса белгиледи.
