Түп районунда ата-энесиз калган балага жер тилкеси берилди
2 июль

Түп районунда ата-энесиз калган балага жер тилкеси берилди

Түп райондук прокуратурасы тарабынан ата-энесиз калган балдардын укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, 1 тоголок жетим баланын мыйзамда каралган укуктары толук камсыздалбай, мыйзамда каралган турак жай куруу үчүн жер тилкеси берилбей келгендиги аныкталган.

Райондук прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында Түп айылынан бир балага турак жай куруу үчүн 0,06 га жер тилкеси бөлүнүп берилип, тиешелүү укук тастыктоочу документтер тапшырылды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 13-бер. жана Турак жай кодексинин 43-бер. талаптарына ылайык, баланын турак-жайга укуктарынын кепилдиктери турак жай мыйзамында каралган тартипте камсыз кылынат, жашоо үчүн турак-жайы жок жетим балдар 16 жашка чыкканда, мыйзамда белгиленген тартипте, пайдалануу укугунда турак жай аянтын кезексиз алуу кепилдиктери каралган.