Ош шаарындагы каралбай калган тепкичтер жаңыланды
Ош шаарындагы Р. Абдыкадыров атындагы көпүрөнүн Өзгөн көчөсү тараптагы тепкичтери толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, бүгүн пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана жашоочулар катышты.
Белгилей кетсек, аталган тепкичтер көп жылдар бою каралбай, эскирип, кооптуу абалда турган.
Шаар башчысынын тапшырмасынын негизинде тепкичтерге гранит төшөлүп, үстү заманбап үлгүдө жабылып, жөө жүргүнчүлөр үчүн бардык шарттар түзүлдү.
