www
2 июль
Сак болуңуз! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот
КР ӨКМге караштуу гидрометеорологиялык кызматынын маалыматына ылайык, жакынкы үч саат аралыгында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болот.
Күндүз жана кечинде күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт. Буга байланыштуу ӨКМ жарандарды этият болууга чакырат.
