Бишкекте мыйзамсыз митинг уюштурууга чакырыктарга бөгөт коюлду: кылмыш иши козголду
Социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан Threads социалдык тармагындагы «Slivy_telegramm» (мурунку аталышы — beksultankg99) аккаунту аныкталган. Аталган аккаунт аркылуу чет элдик жарандарына карата терс мүнөздөгү маалыматтар системалуу түрдө таратылып, ошондой эле коомдук тартиптин бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон мыйзамга каршы аракеттерге чакырыктар жарыяланган. Тактап айтканда, 2026-жылдын 23-июлуна Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында өтүшү пландалган мыйзамсыз митингге катышууга ачык чакырыктар аныкталган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (массалык башаламандыктар, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошондой эле жарандарга карата зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен кылмыш иши козголду. Учурда бардык зарыл болгон тергөө жана процесстик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан аталган аккаунттун ээси аныкталып, ал 2003-жылы туулган О.А. аттуу жаран экени белгилүү болгон. Ал Бишкек шаарынын ИИББнын Тергөө кызматына жеткирилген.
Тергөө иш-чараларынын алкагында шектүүгө таандык iPhone 14 Pro үлгүсүндөгү уюлдук телефон кароо үчүн ыктыярдуу түрдө өткөрүлүп берилген. Мындан тышкары, жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жүрүшүндө дагы үч уюлдук телефон жана ноутбук алынган. Алар кылмыш ишине буюм далил катары тиркелди.
