Камчыбек Ташиев жакынкы күндөрү чоң маалымат жыйын өткөрөт
13 февраль

Камчыбек Ташиев жакынкы күндөрү чоң маалымат жыйын өткөрөт

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев жакынкы күндөрү чоң маалымат жыйын өткөрөт. Бул тууралуу анын тарапташтары билдирди. 

Алардын айтымына таянсак, Камчыбек Ташиев акыркы саясий окуялар боюнча комментарий берет. Азырынча жыйындын качан өтөрү тууралуу так маалымат жок.

Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 10-февралында Камчыбек Ташиевди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы кызматынан бошотту. Мамлекет башчысы ошол эле күнү анын ордуна Жумгалбек Шабданбековду УКМК төрагасынын милдетин аткаруучу кылып дайындады.