Майлуу-Суу шаарындагы көчөлөрдү сел суулары каптады
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
13 июль

Майлуу-Суу шаарындагы көчөлөрдү сел суулары каптады

Бүгүн, 13-июлда кыска мөөнөттө жааган нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Майлуу-Суу шаарындагы айрым ички көчөлөрдү сел суулары каптады. 

Кырдаал менен жеринен таанышуу үчүн президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Шабдан Абдырайым уулу окуя болгон жерге барып, тиешелүү кызматтар тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

Учурда Майлуу-Суу шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тиешелүү мекеме-ишканалар тарабынан селдин кесепеттерин жоюу иштери улантылууда.