Ленин районунун аймагында «Притон» аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлүүдө
25 июль

Ленин районунун аймагында «Притон» аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлүүдө

2026-жылдын 22-июлунан 31-июлуна чейин Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан «Притон» аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлүүдө.

Иш-чаранын негизги максаты – коомдук тартипти камсыз кылуу, сойкулукка жана аны уюштурууга байланышкан укук бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу, ошондой эле мындай аракеттер болушу мүмкүн болгон батирлерди, мейманканаларды жана башка жайларды текшерүү болуп саналат.

Өткөрүлгөн иш-чаралардын алгачкы эки күнүндө Ленин РИИБге жалпысынан 30 жаран жеткирилди. Алардын ичинен 10 жаранга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 109-2-беренеси (Сойкулук менен алектенүү) боюнча укук бузуу жөнүндө протоколдор түзүлдү.

Топтолгон материалдар мыйзамда белгиленген тартипте кароо үчүн сот органдарына жөнөтүлөт.

Ленин РИИБ мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана коомдук коопсуздукту сактоо багытындагы профилактикалык иш-чаралар мындан ары да улантыларын маалымдайт.