Балыкчы шаарына 10 автобус тапшырылды, жакында дагы 10 атайын техника келет
17 декабрь

Балыкчы шаарына 10 автобус тапшырылды, жакында дагы 10 атайын техника келет

Балыкчы шаарына 10 автобус тапшырылды, жакынкы күндөрү дагы 10 атайын техника келет. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Балыкчы шаарына иш сапары менен барды.

Иш сапардын алкагында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен Балыкчы шаарын коомдук транспорт менен камсыздоо максатында Кытай Эл Республикасынан алынып келинген 24 орундуу 10 даана жаңы автобус шаар тургундарына тапшырылды.

Жакынкы күндөрү шаарга кошумча дагы 10 даана атайын техника алып келүү пландалууда.

Ошондой эле Туманбаев Балыкчы шаарында курулуп жаткан ипотекалык турак жай комплексинин курулуш иштери менен таанышты. Учурда көп кабаттуу үйлөрдөн турган комплексте негизги курулуш иштери жүрүп, бир катар имараттардын каркасы 3-кабатка чейин көтөрүлгөн.

Мындан тышкары, иш сапардын жүрүшүндө шаардагы инфраструктуралык объектилердин абалы жеринен көрүлдү. Атап айтканда, мурда инженердик коммуникациялар менен камсыз болбогон жаңы конуштарда ичүүчү таза суу тартуу жана электр энергиясы менен камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы белгиленди.

Учурда бул багытта тиешелүү техникалык иштер этап-этабы менен аткарылып, калкты негизги коммуналдык кызматтар менен камсыз кылуу маселеси чечилип жатат.