Баткен шаарында бийиктиги 35 метр болгон туу көтөрүлдү
17 декабрь

Баткен шаарында бийиктиги 35 метр болгон туу көтөрүлдү

Баткен шаарында бүгүн, 17-декабрда аскердик оркестрдин коштоосунда бийиктиги 35 метр болгон мамлекеттик туу бийиктикке салтанаттуу көтөрүлдү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Иш-чарага облус башчысы Айбек Шаменов, шаар мэри Сейтек Кулубаев баштаган жетекчилер, шаар тургундары катышты.

Желек сап жана анын инфраструктурасы Баткен шаарындагы “Жаштык” жана “Жеңиш” эс алуу парктарынын реконструкциялоо долбоорунун негизинде, АРИС уюму тарабынан ишке ашырылган “Баткен облусун регионалдык экономикалык өнүктүрүү” программасынын алкагында жасалды.