Өмүрзаков милиционерлердин айлыгын көтөрүүнү сунуштады: Баш ийкөө менен эле токтотуп койбогула
9 сентябрь

Өмүрзаков милиционерлердин айлыгын көтөрүүнү сунуштады: Баш ийкөө менен эле токтотуп койбогула

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков милиция кызматкерлеринин эмгек акысы жана күч түзүмдөрүнүн ардагерлеринин пенсиясы боюнча маселени көтөрдү.

Ал буга чейин күч түзүмдөрүнүн жана ИИМ ардагерлеринин пенсиясын жогорулатуу тууралуу бир нече жолу сунуш айтканын, бирок маселе ушул күнгө чейин чечилбей келе жатканын белгиледи.

“Бул иш токтоп калды. Баары баш ийкөө менен эле бүтүп калып жатат. Бул жерде айтсам, баары макул дешет, бирок жыйынтык жок”, – деди ал.

Депутат милиция кызматкерлеринин айлык акысын да жогорулатууну сунуштады.

“Мына, жакында эки чоң иш-чара болду: ШКУнун 25 жылдык юбилейи жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Экөөндө тең милиция кызматкерлери ысык-суукка, жамгырга, күн-түнгө карабай коомдук тартипти сактап турушту. Ардагерлер да аларга кошулуп, тынчтыкты камсыздашты. Ардагерлердин пенсиясын көбөйтөлү деп канча жолу айттым. Акылбек Жапаров да, Адылбек Касымалиев да карап жатабыз дегенден бери 5-6 жыл өтүп кетти. Финансы министрлиги ушул боюнча маалымат берсин: кайсы этапка келди, качан чечилет?

Ооба, тартипти сактоо милиция кызматкерлеринин милдети. Бирок кызматы да болуп жатпайбы. Өлкөдө тынчтык болсо, анан өсүү болот. Дагы сунуш берем: ИИМ кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу керек. Үстөк төлөмдү да айлыкка кошуу кажет. Ошондо пенсия да жогоруламак”, – деди депутат.