Жогорку Кеңеште беш депутаттык топ пайда болду
Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын бүгүн, 17-декабрдагы биринчи жыйынында депутаттык топтор аныкталды.
Беш топ төмөнкүдөй аталыштарды алды:
1. "Мекенчил".
2. "Элдик".
3. "Ала-Тоо".
4. "Адилет Кыргызстан".
5. "Ата-Журт".
Үч депутат: Элвира Сурабалдиева, Болот Ибрагимов жана Эрулан Көкүлов эч бир топко кошулбады, өз алдынча калышты.
Беш топ лидерлерин шайлады жана спикерди шайлоодо добуштарды эсептей турган депутаттык комиссиянын мүчөлөрүн дайындашты.
