Ош шаарындагы Куреңкеев көчөсүнө 60 жылдан кийин асфальт төшөлдү
Ош шаарынын Алымбек датка аймактык башкармалыгындагы Куреңкеев көчөсү толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, 23-августта пайдаланууга тапшырылды.
Мэриядан кабарлашкандай, ага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, мекеме-ишкана жетекчилери, шаар тургундары катышты.
Жолдун жалпы узундугу 1,5 чакырым болуп, кенендиги 24 метрге барабар, эки карама каршы тилкеде 4 катар унаа жүрүүгө ыңгайлашкан.
