Камчыбек Ташиев Өзгөндөгү “Кекилик-Учар бейити” комплексине зыярат кылды
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 23-августта Өзгөн районундагы тарыхый жана ыйык жайлардын бири болгон “Кекилик-Учар бейити” мемориалдык комплексине зыярат кылды. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.
Зыярат учурунда ал маркумдардын арбагына багыштап куран окутуп, кыргыз элинин биримдиги, ынтымагы жана мамлекеттүүлүгүнүн түбөлүктүүлүгү үчүн тилек кылды.
УКМК башчысы мындай ыйык жайларга зыярат кылуу ата-бабалардын каада-салтын улантуу, тарыхты урматтоо жана жаш муундарга өрнөк болуу экенин белгиледи.
Ошондой эле ал “Кекилик-Учар бейити” кыргыз элинин тарыхында терең из калтырган, ыйык мурас катары ар бир кыргыздын сый-урмат менен мамиле кылуусун талап кылган жер экенине токтолду.
Жергиликтүү тургундар менен болгон баарлашууда Ташиев кыргыз эли ата-бабалардын арбагын сыйлап, тарыхты унутпай жашаганда гана мамлекет бекем болорун баса белгилеп, элдин ынтымагы жана тынчтыгы үчүн ар дайым иш алып бара берерин билдирди.
