Ишмердүүлүгүн жаңылуу менен баштагандар жаңы депутаттар
17 декабрь

Ишмердүүлүгүн жаңылуу менен баштагандар жаңы депутаттар

Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын ант берүү аземинде 87 депутаттын баары тең сыдыргыга салгандай шыр кеткен жок. 

Айрыкча, жаңы шайланып келгендердин арасында жаңылыш кетиргендер болду. 

Мисалы, Улукбек Карыбек уулу (№24 шайлоо округу) ант берүүнүн текстин туура окууга үч жолу аракет кылды жана аракети үчүнчү жолкуда гана акталды. 

Чолпонбай уулу Бекмырза (№12 шайлоо округу) да бир нече жолу жаңылды. 

Ал эми Болот Ибрагимов (№22 шайлоо округу) менен Гүлнара Акимбаева (№24 шайлоо округу) ант берүү учурунда сүрдөп кетиштиби, колун Конституцияга коюуну унутуп калышты.