Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөө маселеси талкууланды
16 январь

Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөө маселеси талкууланды

Тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради менен жолугушту. 

КР ТИМден кабарлашкандай, жолугушуу 15-январда өткөн. 

Тараптар жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу жана кызматташуу боюнча кыргыз-сауд өкмөттөр аралык биргелешкен комитетинин төртүнчү отурумунун жыйынтыктарын ишке ашырууну талкуулашты.

Келишимдик-укуктук базаны өнүктүрүү максатында тараптар эки тараптуу документтердин долбоорлорун макулдашуу жана кол коюу процессин тездетүүнү макулдашты.

Жыйынтыгында КР менен САП ортосундагы саясий диалогду бекемдөө жана соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты активдештирүү үчүн зарыл болгон күч-аракеттерди жумшоого даяр экендиктерин тастыкташты.