Ички иштер министрлигинин 170тен ашуун объектиси быйыл пайдаланууга берилди
Ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана жаңылоо боюнча жүргүзүлүп жаткан пландуу иштердин алкагында жыл ичинде 171 объект оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Мындан тышкары, 26 объектте оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, дагы 18 имарат жаңыланды. Бардык жаңы курулган объектилер заманбап жабдуулар менен камсыздалды.
Жыл аягына чейин дагы кошумча 34 объектти пайдаланууга берүү мерчемделүүдө.
Бул иш-чараларды ишке ашыруу ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жогорулатууга жана коомдук коопсуздукту чыңдоого өбөлгө түзөт.
