Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды
Бүгүн, 13-феврль саат 10:00дөн тарта Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн киргизилген чектөө алынды.
Транспорт министрлигинен кабарлашкандай, учурда кар жаап жатат, тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.
Белгилей кетсек, Бишкек-Ош жолунун Төө-Ашуу ашуусунда 11-февраль саат 03:40да оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.
