Жаңы автоунаа жана турак жай. Президент жаңы депутаттарга кандай шарттар түзүлөрүн айтты
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын депутаттары үчүн кандай шарттар түзүлгөнүн билдирди.
Ал 8-чакырылыштын биринчи жыйынына катышты жана жаңы депутаттарды антын бекем сактап, эл алдында таза кызмат кылууга чакырды.
“Депутаттардын ишмердүүлүгү натыйжалуу болушу үчүн Жогорку Кеңештин имаратын оңдоодон өткөрдүк. Эски автоунааларды жаңыга алмаштырып койдук. Аймактардан келип, шаарда жашоого турак жайы жокторго Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан батирлерди беребиз. Эми сиздерден бир гана жыйынтык керек. Элге берген убадаларыңыздарды ишке ашырыңыздар”, – деди мамлекет башчы.
