Садыр Жапаров жаңы депутаттарды “мурунку депутаттардын ыплас жоруктарын” кайталабоого чакырды
17 декабрь

Садыр Жапаров жаңы депутаттарды “мурунку депутаттардын ыплас жоруктарын” кайталабоого чакырды

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын биринчи жыйынына катышып, Кыргыз парламентинин тарыхы тууралуу учкай кеп кылды. 

 “2005-жылы бир мандаттуу округдан 75 депутат шайланып келген. Анын бири мен болчумун. Ошол жылдан баштар саясий окуяларга күбө болуп, саясаттын күңгөй-тескейин ажыратып, таанып, тажрыйба топтоп баштадым. 3-чакырылышты ошол кездеги президент Бакиев тараткан. Кийин Башмыйзам өзгөрүп, партиялык система менен жаңы парламент шайланып келди. Ал да узакка отурган жок. 2010-жылы тарады. Ошол эле жылы өлкөдө парламенттик башкаруу системасы орнотулду. Бирок ал саясий коррупциянын араанын ачты. Партиянын тизмесиндеги алдыңкы он орун миллион долларга чейин бааланып, сатылды. Мен “Ата-Журт” партиясын жетектөө менен экинчи жолу депутат болуп шайланып келдим. Саясий башаламандыкка, коррупцияга өз көзүм менен күбө болдум. Жогорку Кеңешке өткөн фракциялар бири бири менен соодалашып, 3 партия өлкөнү үчкө бөлүп кетти”, – деди Садыр Жапаров. 

Ал партиялык башкаруу өлкөнү кадрдык кризиске терең чөктүргөнүн, анткени диплому, тажрыйбасы жок болсо да, башкаруудагы партиянын тарапташы болгону үчүн эле кызматка барып алгандар көбөйгөнүн белгиледи. 

“Чыныгы кесипкөй, иш билги, мекенчил адамдардын келечегине балта чабылды. Саясий коррупция айылдык деңгээлге чейин түштү. Жетекчилер, министрлер президентке эмес, фракцияларга баш ийишчү. Фракциялар ар бир министрликтерге өзүнчө президент болуп алышкан”, – деди мамлекет башчы. 

Мындан улам “сөз менен иш айкалышпай”, айрым саясатчылар популизм менен алектенип, катуу кыйкырып койгондор “элдик баатырга” айланганын, ал турмак жеке кызыкчылык үчүн мыйзам жазган депутаттар болгонун эске салды. 

“Кээ бир депутаттар олигархтардан чоң суммадагы акча алышып, алар үчүн атайын мыйзам долбоорун жазып, өткөрүштү”, – деди. 

Садыр Жапаров жаңы депутаттарга мындай ыплас жоруктарды кайталабоону эскертти. “Муун алмашып, заман өзгөрүп жаткан чакта Кыргызстанды жаңыча өнүктүрүүгө”, берген антын сактоого чакырды.