«Менин шаарым» тиркемесинин колдонуучуларынын саны 531,4 миң адамга жетти
13 февраль

«Менин шаарым» тиркемесинин колдонуучуларынын саны 531,4 миң адамга жетти

Бүгүнкү күндө «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинин активдүү колдонуучуларынын саны 531,4 миң адамга жетти. Бул тууралуу 12-февралда Бишкек мэриясынын 2025-жылдагы муниципалитеттин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2026-жылга пландары боюнча коллегиясынын жыйынында айтты.

Маалыматка ылайык, шаарды санариптик трансформациялоонун алкагында «Автоэвакуатор» жана каттамдарды, транспорттун келүү убактысын көрсөткөн жана үн аркылуу коштоону колдогон «Акылдуу аялдама» системалары ишке киргизилип, ийгиликтүү иштеп жатат.

Ошондой эле «Менин шаарым» тиркемесине интеграцияланган ижарачынын жеке кабинети менен «Муниципалдык мүлк» маалыматтык системасы иштелип чыкты. Бул мүмкүнчүлүк ижарачыларга документтерди тариздөө убактысын кыйла кыскартууга, төлөмдөрдү электрондук форматта жүргүзүүгө жана муниципалдык мекемелерге жеке баруунун, кагаз жүзүндөгү документтерди колдонунун зарылдыгын жоюуга шарт түзөт.