Баткен ОИИБ
17 август
Баткен районунда дарыяга түшүп кеткен жаран бир жумадан бери табыла элек
Баткен районундагы Кожешкен дарыясына түшүп кеткен 48 жаштагы жаран жети күндөн бери табыла элек. Бул тууралуу Баткен ОИИБден кабарлашты.
Кырсык 10-августта кечки саат 18:00дөр чамасында катталган.
Издөө иштери үч багытта, тактап айтканда, Зардалы, Жылуу-Суу-Таян жана Ак-Турпак айылынын багыты боюнча жүргүзүлүүдө.
Издөө иштерине катышкан кызматкерлерге Баткен РИИБдин жетекчилиги тарабынан тиешелүү нускамалар берилип, издөө иштери көзөмөлгө алынган.
