Манас шаарында жолдорду оңдоо иштери уланууда
25 июль

Манас шаарында жолдорду оңдоо иштери уланууда

Учурда Тукубай Тайгараев аймактык башкармалыгына караштуу Али Торо Эргешов көчөсүндө жолду жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө. Жалпы узундугу 654 метр, туурасы 5,5 метр болгон жол тилкесине жаңы асфальт төшөө иштери аткарылууда.

Аталган иштер жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, Манас шаардык Жол башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан сапаттуу жүргүзүлүп жатат.

Жол инфраструктурасын жакшыртуу — шаар тургундары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган маанилүү кадамдардын бири.