Кыргызстанда ветеринардык дарыканалардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлүүдө
Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын аймактык башкармалыктарынын адистери жана Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын региондук башкармалыктарынын инспекторлору тарабынан ветеринардык дарыканаларда биргелешкен мониторинг иштери жүргүзүлдү.
Аталган иш-чаралар Талас, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында, ошондой эле Ош, Токмок жана Нарын шаарларында жүргүзүлдү. Анын алкагында Бакай-Ата, Айтматов, Чүй, Кара-Суу, Түп, Тон, Алай, Кара-Кулжа, Ноокат, Ак-Талаа, Ноокен, Жайыл, Чоң-Алай, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорундагы ветеринардык дарыканалар текшерилди.
Мониторингдин жүрүшүндө ветеринардык дары-дармектердин сакталуу шарттары, жарактуулук мөөнөттөрү жана сатылышы, дарыканалардын тиешелүү реестрлерге катталуусу, ошондой эле зарыл болгон документтердин болушу жана ветеринардык-санитардык талаптардын сакталышы каралды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө айрым ветеринардык дарыканаларда белгиленген талаптардын сакталбаган учурлары аныкталды. Тактап айтканда, айрым дарыканалардын ички реестрге катталбагандыгы жана ветеринардык дары-дармектердин агрохимикаттар менен талапка ылайык өзүнчө сакталбагандыгы белгиленди.
Аныкталган кемчиликтер боюнча дарыканалардын ээлерине жана кызматкерлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү талаптар жана сунуштамалар берилди.
