www
20 март
Ош шаарында 23-мартта жылуулук берүү токтотулат
Ош шаарында 23-марттан тарта жылуулук берүү токтотулуп, 2025-2026-жылдардагы жылытуу мезгили аяктайт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Тиешелүү буйрукка шаар мэри Жанарбек Акаев кол койду.
Белгилесек, жылуулук абанын температурасы беш күн катары менен 8 градустан жогору болгон учурда өчүрүлөт.
