Баткенде бүгүн бийиктиги 20 метр болгон жаңы жылдык балатынын оту жанат
17 декабрь

Баткенде бүгүн бийиктиги 20 метр болгон жаңы жылдык балатынын оту жанат

Баткен шаарында бүгүн, 17-декабрда саат 18:00дө жаңы жылдык маанай тартуулаган башкы балаты салтанаттуу түрдө жандырылат.

Узундугу 20 метрди түзгөн балаты заманбап жасалгалар менен кооздолду.

Иш-чаранын алкагында шаар тургундары жана коноктору үчүн атайын концерттик программа уюштурулуп, жаштарга арналган дискотека өткөрүлөт.

Баткен шаарынын мэриясы бардык шаар тургундарын жана конокторун жаңы жылдык майрамдык иш-чарага активдүү катышууга чакырат.