Бишкекте лабораториялык кызматты чыңдоо жана ооруканаларды өнүктүрүү маселеси талкууланды
КР Саламаттык сактоо министрлигинде 19-мартта саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Азия өнүктүрүү банкынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Делегацияны өлкө боюнча директор Чжэн Ву жетектеп, жолугушуу Кыргызстандагы АӨБ долбоорлорунун портфелин кароонун алкагында өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «Саламаттык сактоо тармагында регионалдык коопсуздукту чыңдоо» долбоорунун ишке ашырылышынын учурдагы абалын талкуулашты.
Долбоор лабораториялык кызматты модернизациялоого жана саламаттык сактоо системасынын коркунучтарга жооп кайтаруу даярдыгын жогорулатууга багытталган. Лабораториялык тармактагы курулуш иштеринин жүрүшү, лабораториялык жабдууларды жеткирүү, лабораториялык маалыматтык башкаруу системасын киргизүү жана башка программалык иш-чаралар каралды.
Долбоордун алкагында Бишкек шаарында, ошондой эле Чүй жана Ош областтарында оңдоо-курулуш иштери уланууда. Жалпысынан 11 лабораториялык объекттин 6сында иштер аяктаган, бир объектте иштер соңку баскычта. Калган 4 объект боюнча тендердик жол-жоболор жүргүзүлүп, Бишкектеги объекттер боюнча негизги келишимдерге кол коюлган. Бардык иштер сапат жана биокоопсуздук талаптарына жооп берген заманбап лабораториялык шарттарды түзүүгө багытталган.
Гематологиялык, биохимиялык, иммунологиялык, микробиологиялык жана оорукана жабдууларын жеткирүү боюнча келишимдерге кол коюлду. Айрым пакеттер, анын ичинде жалпы лабораториялык жана визуализациялык жабдуулар техникалык жана финансылык баалоодон өтүүдө. Жеткирүүлөр аяктагандан кийин лабораториялар заманбап технологиялар менен камсыздалып, диагностиканын сапаты жана тактыгы жогорулайт. Ошондой эле лабораториялык маалыматтык система (LIMS) киргизилип, сапатты үзгүлтүксүз жакшыртуу системасы (CQI) өнүктүрүлүүдө.
Долбоорду ишке ашыруу процессинде жаралган кыйынчылыктарга өзгөчө көңүл бурулду. Алардын катарына сатып алууларды жүргүзүү, курулуш иштеринин мөөнөттөрү жана катышкан тараптардын аракеттерин координациялоо маселелери кирет.
Мындан тышкары, долбоордун келечектеги өнүгүү багыттары, жетишилген жыйынтыктардын туруктуулугун камсыз кылуу, лабораториялык кызматты институционалдык жактан чыңдоо жана түзүлүп жаткан инфраструктуранын мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык стандарттарга, анын ичинде ISO 15189 талаптарына ылайык кеңейтүү маселелери каралды.
Ошондой эле SEFF долбоорунун ишке ашырылышы талкууланып, анын алкагында өлкөнүн ооруканалык инфраструктурасын модернизациялоого багытталган кийинки инвестициялык долбоор даярдалып жатканы белгиленди. Тараптар ооруканаларды куруу, медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу, энергия натыйжалуулугун жогорулатуу жана саламаттык сактоо объекттеринин туруктуулугун камсыз кылуу сыяктуу артыкчылыктуу багыттар боюнча пикир алышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө өз ара кызыкдар экенин тастыктап, учурдагы долбоорлорду өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле саламаттык сактоо системасын чыңдоого багытталган жаңы демилгелерди даярдоодо макулдашылган ыкмаларды иштеп чыгуу зарылдыгын белгилешти.
