Түп районунда 70 млн сомдук кыймылсыз мүлк мамлекетке кайтарылды
31 март

Түп районунда 70 млн сомдук кыймылсыз мүлк мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл областынын Түп районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө Ысык-Көл айыл аймагында жайгашкан Түп мамлекеттик атайын чарбасына караштуу пансионаттын ашкана комплекси жана 3 га жер тилкеси 1998-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактарга берилип кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында жалпы баасы 70 млн 300 миң сомду түзгөн кыймылсыз мүлктөр мамлекетке кайтарылды.

Белгилей кетсек, социалдык багыттагы кыймылсыз мүлктөр менчиктештирүүгө жатпайт жана белгиленген максаттуу багыты боюнча пайдаланылышы зарыл. Мындай объекттер мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүлгөн учурларда, мыйзам талаптарына ылайык мамлекетке кайтарылат. Бул багытта прокуратура органдары тарабынан системалуу иштер жүргүзүлүп, туруктуу көзөмөл камсыз кылынууда.