Ысык-Көл облусунда алгачкы асфальт басуу иштери башталды
Ысык-Көл облусунда алгачкы асфальт басуу иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, транспорт министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков Чүй жана Ысык-Көл облустарына иш сапары менен барып, 2026-жылга карата жол куруу иштерине даярдык жана материалдардын камсыздалышы менен жеринде таанышты.
Россия менен түзүлгөн келишимдин негизинде быйылкы 2026-жылы салынуучу автожолдор үчүн каралган алгачкы битум партиясы алынып келинип, битум сактоочу чуңкурларга түшүрүлө баштады.
Бүгүнкү күндө Жел-Арык жана Кыямат-Кыркоол битум базаларына – 1160 тонна, ал эми Түштүк тарапка – 860 тонна (Шамал-Сайга) битум түшүрүлдү.
Иш сапардын жүрүшүндө биринчи орун басар Т.Жаныбеков Балыкчы – Барскоон – Каракол автожолунун тилкесинде аткарылып жаткан иштердин жүрүшүн жеринде текшерип, жол куруп жаткан подрядчы ишканаларга тиешелүү тапшырмаларды берди.
