президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү
28 май
Ошто “Ак-Буура” чек ара заставасынын жаңы имараты ачылды
КР Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата бүгүн, 28-майда 2024 аскер бөлүгүнө караштуу “Ак-Буура” чек ара заставасынын жаңы имаратынын ачылышы өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Иш-чарага облус башчысынын биринчи орун басары Мирлан Орозбаев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев, күч түзүмдөрүн өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Жаңы имарат аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсүнө жана жашоо шарттарына ылайык заманбап талаптардын негизинде курулган. Иш-чаранын соңунда коноктор жаңы объект менен таанышты.
